Бишкекте жол иштеринин сапатына көзөмөл күчөтүлөт: 2025-жылы курулган жолдорду атайын комиссия текшерет

News Image
Calendar Icon

Март 03, 2026

Message Icon

Комментарии: 0

Бишкекте жол иштеринин сапатына көзөмөл күчөтүлөт: 2025-жылы курулган жолдорду атайын комиссия текшерет

Бишкек шаарында жол иштеринин сапатына жана подряддык уюмдардын ишине көзөмөл күчөтүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, вице-мэр Рамиз Алиев 2025-жылы курулган жолдорго комплекстүү текшерүү жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүүнү тапшырды.

Чечим жаңы объектилердин абалын талдоонун жыйынтыгынан кийин кабыл алынды. Комиссия 10 күндүн ичинде жол тилкелерин текшерип чыгып, талап бузууга жол берген компаниялар боюнча сунуштарды даярдашы керек.

Милдеттенмелерин талаптагыдай аткарбаган подрядчыларды «кара тизмеге» киргизүү маселеси каралат. Ошол эле учурда иштерди көзөмөлдөөдө жана кабыл алууда мыйзам бузууларга жол берген кызматкерлерге тартиптик чаралар көрүлүп, кызматтан бошотууга чейин жетиши мүмкүн.

Мындан тышкары, төрт административдик райондун жетекчилерине аба ырайы ылайыктуу болгондо аныкталган кемчиликтерди жоюу тапшырылды.

Рамиз Алиев 2026-жылы мэрия 2025-жылы милдеттенмелерин аткарбай калган подряддык уюмдар менен кызматташпай турганын белгиледи.

Написать комментарий

Перед тем как оставить комментарий, пожалуйста

Комментарии

  • Author Imagex2
    Calendar Icon

    ,