Өкмөт 2025-жылдагы реалдуу сектордун жыйынтыгын чыгарды: 1 545 км асфальт төшөлдү, жолдорго 43,4 млрд сом бөлүндү
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков 27-февралда өткөн республикалык кеңешмеде 2025-жылдагы реалдуу сектордун өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын тааныштырды.
Маалыматта транспорттук инфраструктурага өзгөчө көңүл бурулду. Акунбековдун айтымында, 2025-жылы өлкөдө 1 545 кмден ашык асфальтобетон жабындысы төшөлгөн — бул 2024-жылдагы көрсөткүчтөн эки эсеге жогору. Жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө 43,4 млрд сом бөлүнгөн.
Темир жол долбоорлору боюнча иштер да уланды. Балыкчы — Кочкор темир жолу Кочкор станциясына чейин жеткирилип, негизги конструкциялардын 43 км аралыгы курулду.
Мындан тышкары, 2025-жылдын август айында узундугу 150 км болгон Барскоон — Бедел автожолунун курулушу башталган.